Menu

Акылбек Жапаров: Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүүбүз керек

Бөлүшүү:

«Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүүбүз керек», – бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору» улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда республика энергетиканы туруктуу өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, буга катар энергетикалык жабдуулардын техникалык жактан эскириши, суунун аздыгынан жана чектелген энергетикалык кубаттуулуктардан улам электр энергиясын импорттоо маселеси орун алган.

Акылбек Жапаров кошумчалагнадай, Камбар-Ата жана Жогорку-Нарын ГЭС каскады стратегиялык объектилериндеги курулуштун активдүү фазасы ишке берилиши менен катар энергиянын жаңыланып туруучу туруктуу булактарына артыкчылык берилиши керек.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Глазгодогу Климатты өзгөртүү боюнча саммитте 2050-жылга көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү милдетин белгилеген, ал эми көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп энергиянын кайра жаралуучу булактары саналат.

«Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жогорку потенциалга ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергия, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Гидроэнергетикадагы потенциалдын 10% гана колдонулат. Ошондой эле биздин өлкөнүн аймагы күндөн жылына орточо 4,64 млрд МВт саат нур энергиясын, же 1 чарчы метрге 23,4 кВт саат нур энергиясын алат. Аймактагы күн нурунун орточо жылдык узактыгы болжол менен 2100-2900 саатка чейин өзгөрөт. Бул потенциал бизде дээрлик пайдаланылбайт. Шамал энергетикасын өнүктүрүү үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөр бар, өзгөчө, алыскы райондордо энергетикалык активдүү шамалдын узактыгы 5-7 миң саатты түзгөн шамалдын агымынын салыштырма энергиясы 1 чарчы метрге 2000 кВт саатка чейин жетет.

Жылуулук же атомдук электр станциялар түрүндөгү альтернативалык булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү айлана-чөйрөгө бир топ азыраак зыян келтирет. Бул парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтат, абаны жана мөңгүлөрдү булгабайт жана айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерди жаратпайт. Бул өлкөнүн соода жана төлөм балансын жакшыртат, анткени сырттан көмүр жана газ импорттоо төмөндөйт», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өнүктүрүү боюнча донорлор, бизнес түзүмдөрдүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып жаткан улуттук форумдун негизги максаты – бирдиктүү чечим аркылуу кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлорго түрткү берүү.

Анын айтымында, Министрлер Кабинети тиешелүү долбоорлорду илгерилетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө ошондой эле туруктуу энергетиканы өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Атап айтканда, жаңы Салык кодексине жашыл экономиканы жана жашыл технологияларды колдоо боюнча ченемдер киргизилген. Шамал жана күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүүдө КНСтен бошотулат. Жер мыйзамдарына ГЭСтерди курууда айыл чарба жана токой чарбачылыгындагы жоготуулардын ордун толтуруудан бошотуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Энергия натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар жана курулмалар 50% өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.

Учурда Энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 энергиянын кайра жаралуучу объекттерин курууга сертификаттар берилди. Алардын жалпы кубаттуулугу 300 мегаваттка жакын электр энергиясын түзөт.

Бир нече кичи ГЭСтердин курулушу башталды:

– «Бала-Саруу» – Талас облусунда, 25 мегаватт;

– «Орто Токой» – Нарын облусунда, 21 мегаватт;

– «Кара-Көл» – Жалал-Абад облусунда, 18 мегаватт.

Энергетика министрлиги тарабынан жаңы редакциядагы «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет.

Тактап айтканда, кубаттуулук квоталарына, электр энергиясын сатуу боюнча ишмердикти лицензиялоого, сынак өткөрүүгө талаптарды алып салуу сунушталып, кайра жаралуучу энергиянын субъекттери киреше салыгынан бошотулуп, өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук реформаны жүргүзүү максатында, Министрлер Кабинетинин жетекчисинин орун басары Азиз Аалиевдин жетекчилиги астында мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: