Кадамжай районунун тургуну Ш.Т. өзү жашаган үйүнөн 7-февраль күнү белгисиз адамдар 3 алтын шакегин уурдатканын билдирип, милиция арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган. Уч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында Талас облусунун Кара-Буура районунун 30 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ