Menu

Кыргызстан Рузахуновдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

“Бул – Кыргызстан өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет деген берене иштей баштаганын көрсөтөт. Бул – казак бийлиги Викрамды кыйнагандарды жоопко тартпаса, биздин бийлик таап, жоопкерчиликке тартышы керек дегенди билдирет. Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Казакстан дагы бул жырткычтык аракеттер боюнча тергөө иштерин баштады”, – деп жазды жактоочу.

Прокуратурадан жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген кыргыз жарандары Чолпонбек Сыдыков жана Викрам Рузахунов боюнча бул өлкөнүн Жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирген.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январдын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Белгилүү музыкант, пианист Рузахунов да ошол күндөрү кармалып, эки күндөн кийин коомчулуктун кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал да ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген.

Соңку маалымат боюнча, Январь окуяларына байланыштуу кармалган кыргызстандык жаран азыр Тараз шаарында кармалып турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: