Menu

УКМК: Бишкектин Ленин райондук ИИБнын тергөөчүсү 250 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу түрдө көрүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын ИИББнын Ленин райондук ШИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын капитаны Ж.С.Т. чет элдик инвестордон акча талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөчү Ж.С.Т. 380 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМне жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган Түркиянын жараны Д.Ш. 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган. 

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.С.Т. келип түшкөн арызды кароонун оң натыйжасы үчүн чет элдик инвестордон 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын УКМК ишкерлерди жана инвесторлорду мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылган учурда Кыргыз Республикасынын УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 66-04-75; 62-65-04 телефон номери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: