Menu

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды

Бөлүшүү:

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу  боюнча иштин заказчысы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аныкталды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасы саналат.

Белгилесек, темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген.

“Балыкчы – Кочкор -Кара- Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы болуп узундугу 63 км болгон “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу пландалууда.

Ошондой эле учурда долбоорлоо-изилдөө институттарын жана профилдик адистерди тартуу менен “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: