Menu

«Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор» аба каттамы ачылды

Бөлүшүү:
«Манас» эл аралык аэропортунда 2022-жылдын 6-мартында «Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор» (Монголия) багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды.
Салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты.
Улан-Батордон Бишкекке биринчи каттам менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары М.Оскомбаев, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Б.Шаршеев, Башкы директордун өндүрүү боюнча орун басары Р.Мамашев, «Хунна Эйр» авиакомпаниясынын директору П. Мунхжаргал, Монголиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г. Соднома жана башкалар катышты.
«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы – Башкы директору Бакыт Шаршеев жаңы каттамдын ачылышы менен куттуктады.
«Монголия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, биздин соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенибиз билинген. Андыктан, Монголия менен кызматташуубуз чындыгында эки тарап үчүн пайдалуу жана позитивдүү болот деп ишенем. Акыркы убакта коронавируска байланыштуу кырдаалдан акырындап чыгып, жүргүнчүлөрүбүзгө, жаңы өлкөлөр жана шаарларга каттамдар ачылып жатканына абдан кубанычтабыз. Аны менен бирге, бул бизнес чөйрөсүн жана бүтүндөй мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт», – деди Б.Шаршеев өз сөзүндө.
Ал белгилегендей, «МЭА» ААК жүргүнчүлөр, өнөктөштөр жана авиакомпаниялар үчүн шарттарды түзүү максатында, алдына  эл аралык жана региондордогу аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу милдетин койгон.
Өз кезегинде Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Марат Оскомбаев мамлекеттердин ортосунда аба каттамынын ачылышы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдөгү алгылыктуу кадам экенин билдирди.
М.Оскомбаевдин айтымында, «Манас» аэропорту Монголиядан келген жүргүнчүлөр үчүн Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө учуу үчүн ыңгайлуу түйүнгө айланат.
«Бул үзгүлтүксүз каттам убакытты жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Буга чейин учуу 20 сааттан 23 саатка чейин созулчу. Азыр болгону 3 саат 40 мүнөт. Учуу убактысын кыскартуу жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөө жарандардын мамлекеттер аралык саякатка болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн өзүнчө белгилеп кетким келет. Ал эми бул туризмди өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө шарт түзөт», – деп билдирди Кыргыз Республикасындагы Монголиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Соднома.
 «Биз Улан-Батор-Бишкек биринчи каттамын аткара алганыбызга абдан кубанычтамын. Каттам пайдалуу болуп, кыргызстандык жүргүнчүлөр өздөрүн ыңгайлуу сезет деп ишенем. Баарыңыздарды жаңы багыттын ачылышы менен куттуктайм жана өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем», – деп белгиледи «Хунна Эйр» авиакомпаниясынын директору П.Мунхжаргал.
«Хунна Эйр» (Монголия) авиакомпаниясы каттамды жумасына бир жолу – жекшемби күнү аткармакчы.
Болжолдуу учуу убактысы 3 саат 40 мүнөттү түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: