Menu

Кыргызстанда Антикризистик комитет түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргызстанда социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим президент былтыр октябрда кол койгон “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндөгү” жарлыкты ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Жаңы түзүлгөн комитетти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Анын курамына бир катар мамлекеттик органдардын башчылары кирди.

Өткөн жумада Бишкектеги супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип жатканы маалымдалган. Ага ылайык, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатылат.

Бишкектеги ири дүкөндөрдө кумшекердин баасы 80 сомго чейин жетүүдө. Өсүмдүк майынын литри 160-170 сомдон сатылууда.

10-мартта орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: