Menu

Төмөнкү-Чүй айылында USAID колдоосу менен кеңейтилген фабрика жаңы жумуш орундарын түзүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-мартта Чүй районунун Төмөнкү-Чүй айылындагы тигүү фабрикасынын кеңейтилишинин урматына расмий азем уюштурулду. Фабрика АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинен (USAID) 130 жаңы тигүүчү машиналарды алган. Расмий аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана ишкананын директору Марат Султанов катышты.

Жабдуулар USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында берилген. Бул долбоор жергиликтүү ишканаларды колдоо аркылуу жаңы жумуш орундарын жаратууну көздөйт. Ушул кызматташтыктын натыйжасында фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу 15 пайызга өстү.

«USAIDдин колдоосу менен алынган жаңы жабдуулардын аркасында биз жаңы тигүү линиясын ишке киргизип, Төмөнкү-Чүй айылынан жана коңшу айылдардан кошумча тигүүчүлөрдү жумушка алып жатабыз», – дейт Марат Султанов.

Учурда фабрика жогорку сапаттагы кийимдерди, атап айтканда, эркектер, аялдар жана балдар үчүн спорттук кийимдерди жергиликтүү базарлар жана КМШ өлкөлөрү үчүн чыгарат. Марат Султанов келечекте жаңы рынокторго экспорттой баштоону пландоодо.

«Биз Кыргыз Республикасында жеке бизнес жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жол ача алат ишенебиз. Андыктан, жаңы рынокторго жол ачып, көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө жардам берген ишкердикти өнүктүрүү боюнча программалар аркылуу Кыргызстанды колдоону улантабыз», – деди Соната Коултер ачылыш сөзүндө.

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору айыл чарба, текстиль, маалымат технологиялар, билим берүү жана тамак-аш өнөр жайындагы кичи жана орто бизнес менен иштешет. Аларга өндүрүштү кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын көбөйтүүгө жардам берет. Бул беш жылдык долбоордун алкагында USAID өлкө боюнча 110дон ашык ишканаларга колдоо көрсөттү. «Конкуренттүү ишкананын» жалпы бюджети – 22,7 млн АКШ долларын түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: