Menu

УКМК: Кыргыз улуттук университети берген 28 диплом, Агрардык университеттин 11 диплому, Дене тарбия жана спорт академиясынын 5 диплому жасалма экендиги текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү тапшырмасынын алкагында КР УКМК тарабынан өлкөдөгү мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда. 

ЖОЖдор тарабынан берилген текшерүүдөгү дипломдордун саны жөнүндө маалымат:

– Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;

– К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) – 11;

– Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) – 5;

– И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) – 5;

– Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). – 3;

– Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) – 2;

– Финансы-экономикалык академиясы – 1;

– Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы – 2;

– К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети – 1;

– “Дастан” технологиялык университети – 1; 

– Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту – 1; 

– И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) – 1; 

– Бишкек технологиялык колледжи – 1;

– Бишкек финансы-экономикалык техникуму – 1; 

– Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2;

– Ош технологиялык университети – 1;

– Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;

– К.Батыров атындагы элдердин достугу университети – 2;

– Чуй Университети – 1;

– Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму – 1;

– К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – 3;

– Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы – 1;

– Балыкчы социалдык-экономикалык институту – 1;

– Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби – 1; 

– Талас мамлекеттик университети – 1;

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: