Menu

УКМК “Евролаб” жеке медициналык лабораториясынын жетекчиси Сохраб Ярахмедовду врачтарга ири суммадагы параларды берип жүргөндүгү үчүн кармады

Бөлүшүү:

УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында элге лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке менчик “Е” медициналык лабораториясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.

    Аталган компания саламаттыкты сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында медициналык мекемелердин жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана лабораториялык изилдөөлөрдү базар баасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча каражатын системалуу түрдө берип турганы аныкталган. 

    Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер, анын ичинде маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөө менен абийирсиз атаандаштыктын колдонулушун тастыктаган «кош» бухгалтерия алынган.

    Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салыктарды төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрүп, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келет.

    Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган ишкананын жетекчиси Я.С. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

    Азыркы учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

82 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

АРХИВДЕР, КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР, САЯСАТ - 06.07.2018 Notice: Undefined variable: d in /home/k/kyrgyz2d/kyrgyztoday.org/public_html/wp-content/themes/IprofiKG/templates/content-single.php on line 120 00:00

Шадиевге эми баары бир эмеспи?..

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: