Menu

Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Бактыбек Гайназаров кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н.Ж. жана КР Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. көзөмөлү астында ири суммадагы акча каражатын Кытай Эл Республикасына (КЭР) мыйзамсыз которуу боюнча туруктуу канал уюштурган бир нече жарандардын тобун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүн текшерүүдө. 

Кылмыштуу топтун жетекчилери О.А.К жана Ж.Б.С. аттуу КР жарандары экендиги аныкталып, алар «Халык Банк Кыргызстан» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары И.М.К. жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына контрабандалык жол менен алынып келинген акча каражаттарын которууну ишке ашырып, андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытай Эл Республикасына өткөрүп берген.

2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин «Бишкек Үч жүз он эки» ЖЧКсынан «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банк аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 АКШ долларды накталай түрдө О.А.К. которгон.

2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин «Кейджи Импэкс» ЖЧКсы «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банкы аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 АКШ доллар которгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 7-апрелинде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн КР Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: