Menu

ИИМ: Өзүңүздү чөнтөкчү уурудан кантип коргоо керек?

Бөлүшүү:

Чөнтөкчүлөр баарын уурдашат: капчыктар, телефондор, косметикалык баштыктар жана ар кандай баалуу буюмдар. Мунун эң жагымсыз жери – мээнет менен тапкан акчаңды жоготуп алуу гана эмес, алданып калуу сезими.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи чейрегинде 784 чөнтөк уурулук жасалып, 220 кылмыштын бети ачылса, 2021-жылы 792 чөнтөк уурулук жасалып, 265 кылмыштын бети ачылган. Чөнтөк уурулук кылгандардын 80% Бишкек шаарында жасалат.
Чөнтөк уурулуктун мезгилдүүлүгү жок, алар эл көп болгон жерде: базарларда жана соода борборлорунда, автобустарда жана аялдамаларда жасалат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы сизди жана сиздин жакындарыңызды чөнтөкчүлөр менен уурулардан коргоо үчүн бир нече кеңештерди сунуштайт:
1. Жол кире акчаңызды алдын ала даярдаңыз:
Капчыгыңызга чөнтөкчүнүн көңүлүн бурбоо үчүн жол кире үчүн акчаны алдын ала даярдаңыз. Мындай аракетти унаа ичинде же аялдамада туруп жасабаңыз;
2. Акчаңыздын баарын бир жерге алып жүрбөңүз:
Жаныңызда чоң суммадагы акчаңыз болсо, аны ар кайсы жерге бөлүштүрүңүз. Сиз аны сыдырма менен жабылган чөнтөккө салсаңыз болот. Эң жакшысы таксиге отуруу;
3. Капчыгыңыз кийимиңизден көрүнбөй турганын алдын ал текшериңиз: Үйдөн чыгаардан мурда капчыгыңызды өтө тар же ачык кийимдердин астында көрүнүп турганын текшериңиз. Эгерде андай болсо, аны сыдырма менен
жабылган баштыктын түбүнө коопсуз жерге жылдырыңыз;
4. Транспортко кирүү алдында сумкаңыз жакшы жабылганын текшериңиз: Сумкаңыз же чөнтөгүңүз сыдырма менен жабылганын текшериңиз. Транспортто сумканы алдыңызда кармап жүргөнүңүз туура, аны ийиндериңизде же
артыңызда эркин илип койбоңуз;
5. Капчыгыңызды же телефонуңузду арткы чөнтөгүңүзгө салбаңыз: Алдамчылардын арасында, жынсы шымдын арткы чөнтөгү “бирөөнүн чөнтөгү” – деп, аталат. Шымдын арткы чөнтөгүнө жайгашкан капчык же телефон оңой эле чөнтөкчүнүн олжосуна айланат, анткени жол кыймылында же транспортто кыйналганда сиз эч нерсени сезбей байкабай калышыңыз мүмкүн;
6. Капчыгыңызды же телефонуңузду кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салыңыз: Бул чөнтөк сыдырма же башка бекиткич менен бекитилсе, бул абдан жакшы. Көкүрөк капчыктарын да колдонсо болот.
7. Дароо милицияга кайрылыңыз: Уурулукту ачуунун ийгилиги Сиздин, ички иштер органдарына канчалык тез кайрылууңуздан көз каранды. Арыз кылмыш жасалган жерде аймактуулугу боюнча жазылып берилүүгө тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: