Menu

Энергетикадагы миллиондук уурулук. Карызга баткан “өлүү жандар”

Бөлүшүү:

“МедиаХаб” журналисттери Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева жана Али Токтакунов энергетика тармагындагы коррупция тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялашты. Анда эки күмөндүү схема ачык көрсөтүлгөн. 

Алардын бири энергетикадагы кеңири жайылган “мертвые души” же “өлүү жандар”.  Электр энергиясына жалпы 35 (отуз беш миллион) млн сом карызы бар деп жазылган Чүйдөгү 827 абонент тууралуу документ журналисттердин колуна тийген. Иликтөөчүлөр бул карыздардан күмөн санап тизмедеги даректердин 50 ашуунун кыдырып, текшерүүгө жетишкен. Анда кеминде 27 даректе эч ким жашабаганын, айрымдары эбак урап калганын же фундаменти гана калганын аныкташкан. Документтеги бардык даректерди кыдырып чыгууга мүмкүн болгон жок. Бирок журналисттер жана энергетикадагы эксперттер ал даректерде да ондогон “өлүү жандар” болушу мүмкүн деп эсептешет. Бул бир эле облустагы көрүнүш. А бүтүндөй Кыргызстан боюнча мындай “өлүү жандар” канча болушу мүмкүн? 

Электр энергиясын колдонбогон жок абоненттерге, же “өлүү жандарга” миңдеген сом карызды илип, кийин төлөй албай калды деген шылтоо менен карызды жойдуруп жиберген ыкма эл арасында “Ширшовдун схемасы” деп жайылган. Ал эми “өлүү жандар” сарптады деген электр энергиясын чынында башкалар колдонуп, акчасын тийиштүү тараптар бөлүп алышарын эксперттер баса белгилешет.  

Бөлүштүрүчү компаниялардын жетекчилери баш болуп, РЭСТин начальниктери, контролерлор булардын баары бирге. Бир жылдан кийин буларды “безнадежный долг, бул карызын төлөй албайт” деп туруп списание кылып коёт. Арам акчаны адалдаштырып алат. Ошол коррупция” – дейт эксперт Расул Умбеталиев.

Иликтөөдө айтылган экинчи күмөндүү схема абоненттердин төлөмдөрүндөгү айырма. Талас облусундагы электр колдонуучулар банк аркылуу “Түндүкэлектрге” которгон төлөмдүн жарымы “Түндүкэлектрдин” ички базасынан жок болуп кеткен.  

Мисалы, 2019-жылдын апрелинде Таластын Покровка айыл өкмөтү электр энергияга 200 миң сом төккөн. Бирок системага айыл өкмөт 100 миң сом гана төлөдү деп көрсөтүлгөн. Ал эми калган 100 миң сомду Гортис аттуу компания төлөдү деп системага киргизилген. Ошол эле учурда Гортис электр энергиясы үчүн убагында төлөп келгенин, болгону накталай беришкенин билдирет. Анда Гортис төккөн акча кайда? 

Бүтүндөй Талас облусу боюнча 20 ашуун ушундай мисал катталган. Өзүм билемдик менен өзгөртүлгөн сумма жүз миңдеген сомду камтыйт. “Түндүкэлектр” бул схема боюнча комиссия түзүп, текшерүү уурулук болгонун ырастаганы менен бул кылмышка тийиштүү укуктук баа бериле элек. Жергиликтүү активист УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, башпрокурор Курманкул Зулушевге катар катар арыз жазганы менен так жооп боло элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: