Menu

Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин токтоду

Бөлүшүү:

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 12-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Ал ошондой эле, Орусия өзүнүн темир жолун оңдоп-түзөп жатканына байланыштуу Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин жанданбайт деген жооп алышканын айтты.

Февраль айында Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген. Бул маселе 15-16-февраль күндөрү Алматыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек – Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек – Новосибирск жана аптасына бир ирээт Бишкек – Казань каттамы болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: