Menu

Украинада Путиндин бөлөсү Виктор Медведчук кармалды

Бөлүшүү:

Украинада Путиндин бөлөсү деп айтылып жүргөн Виктор Медведчук атайын операция учурунда кармалды. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский кабарлады. Февралдын аягында орусиячыл саясатчы үй камагынан качып кеткен.

“Украина коопсуздук күчтөрү атайын операция өткөрдү. Азаматтар”, – деп жазды Зеленский. Украина президенти саясатчынын кандай кармалганы жөнүндө маалымат кийинчерээк жарыяланарын кошумчалады.

Кремлдин спикери Дмитрий Песков ТАСС агенттигине Медведчуктун кармалганы тартылган сүрөттү көргөнүн, бирок бул чындыкка канчалык дал келерин айта албай турганын билдирди. Анын айтымында, сүрөттү текшерүү керек.

“Оппозициялык платформа – Өмүр үчүн” партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Виктор Медведчук Орусия президенти Владимир Путин менен тыгыз байланыштагы украин саясатчысы.

19-февралда Медведчук менен анын аялы Оксана Марченкого санкция жарыяланган.

Медведчук мамлекетке чыккынчылык кылды жана террордук ишмердүүлүккө көмөк көрсөттү деген айып менен үй камагына алынган. 26-февралда Башкы прокуратура Улуттук полицияга анын үйдө бар-жогун текшерүүнү тапшырган, саясатчы ордунда жок болуп чыккан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: