Menu

Тажикстанда дээрлик тогуз жыл абакта отурган журналист эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Тажикстанда сегиз жыл 10 ай абакта отурган журналист Мухаммадюсуф Исмоилов 16-апрелде Хоженттеги түзөтүү жайынан эркиндикке чыкты.

Журналист “опузалоо” жана “алдамчылык” айыбы менен 2013-жылы октябрда 10,5 жылга эркинен ажыратылган. Андан бери Тажикстанда үч жолу мунапыс мыйзамы кабыл алынып, Исмоиловдун жаза мөөнөтү жалпысынан 1 жыл 7 ай 18 күнгө кыскартылган. Мындан тышкары анын абактан чыккандан кийин үч жыл журналистика менен алектенүүсүнө тыюу салынган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Исмоилов бир аялды жашыруун маалыматын ачыкка чыгарам деп опузалап, андан акча талап кылган. Бийликтин ырасташынча, журналист ал аялдан 400 сомони алып жаткан учурда кармалган.

Исмоилов айыптоолорду четке кагып, Согди облусундагы аткаминерлердин айыбын ачып, сын көз караштагы макалаларды жазганы үчүн жергиликтүү бийлик аны өч алуу максатында каматканын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: