Menu

Баткен шаарынын экс-мэри С.С. 2007-жылы 1,50 гектар “айыл чарба” категориясындагы жер тилкесин Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берип салгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Тергөө бөлүмүнө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча ыкчам материал келип түшкөн.

2007-жылдын 22-декабрында Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мурдагы башчысы С.С. Кыргыз Республикасынын Б.А. аттуу жаранынын наамына Баткен шаарынын аэропортунун кварталынын Туура-Таш массивинин аймагынан 1,50 га жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыгарган.

Ошону менен бирге, 2019-жылдын 16-августунда жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде Баткен районунун жергиликтүү каттоо органы тарабынан Б.А.нын наамына Ч сериясындагы айыл чарба багытындагы жер тилкенин мамлекеттик актысы түзүлүп берилген.

Баткен облустук мамлекеттик архивинин жообуна ылайык, жогоруда аталган токтом сактоого берилген эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызмамжердолбоорлоо” жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын Баткен боюнча жер жайгаштыруу экспедициясынын жообуна ылайык бул жер 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жайыт жана башка категориялар катары саналып келет. 

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: