Menu

Болот Темиров: паспортум соттун чечимисиз эле жараксыз деп табылды

Бөлүшүү:

Иликтөөчү журналист Болот Темиров 17-майда ага тиешелүү паспорту жараксыз деп мамлекеттик каттоо кызматын базасына киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, мындай чечим милициянын тергөөчүсүнүн чечими менен кабыл алынган.

“Менин ишим сотто экенине карабастан, тергөөчү ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, менин паспортумду жараксыз деп чечим чыгарып коюптур. Жободо андай деп каралган эмес. Тергөөчүнүн өз алдынча андай чечим кабыл алууга укугу жок. Азырынча бул боюнча түшүндүрмө берише элек. Биз прокуратурага кайрылдык”,- деди Болот Темиров.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча толук такталгандан кийин маалымат берерин кабарлады.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси (“Документ жасалмалоо”), 378-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналист муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында Ютубдагы Temirov Live каналы Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Жыл башында Бишкек милициясы Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (“Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо”) менен иш козгогон.

Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын айтышкан. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин Темировго коюлган айыптарды алып салууга жана анын мыйзамдуу журналисттик ишмердигин коркутуу жана куугунтуксуз жүргүзүүгө чакырышкан.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) кыргызстандык журналистке козголгон кылмыш иштеринин саясий жүйөсү бар экенин белгилеп, кайрылуу жолдошту. Ал 3-майда Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун сайтына жарыяланды. Анда Темировго козголгон кылмыш иштери Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу доо кетиргени айтылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: