Menu

Кыргызстанда биринчи жолу джинсы кийим өндүрүшү ишке киргизилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-майда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) «Текстиль Транс» компаниясына заманбап жабдууларды тапшырды. USAIDдин колдоосу менен «Текстиль Транс» компаниясы өлкөдө биринчи джинсы кийим өндүрүшүн ишке киргизет.

USAID тарабынан берилген 8,4 миллион сомдук жабдуулар джинсы кийимдерди жуу, кайнатуу, кургатуу жана үтүктөө үчүн колдонулат. Өз кезегинде «Текстиль Транс» курулушка жана кошумча тигүү жабдууларына инвестиция салган. Бул инвестиция компанияга толук циклдеги джинсы өндүрүшүн ишке киргизүүгө жана эркектер, аялдар жана балдар үчүн ар түрдүү буюмдарды сунуштоого мүмкүндүк берет.

“Өткөн жылы биз MENIKI бренди менен биринчи масс-маркет дүкөн ачканбыз. Быйыл USAIDдин колдоосу менен Кыргыз Республикасында биринчи джинсы өндүрүшүн ишке киргизебиз. Биздин максат – жогорку сапаттагы джинсы продукцияларды адегенде жергиликтүү, акырында эл аралык керектөөчүлөргө сунуштоо», – дейт «Текстиль Транс» ЖЧК жана «Салкын» ЖЧК компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Нургазы Мышыев.

Бул кеңейүүнүн натыйжасында компания 350дөн ашык жаңы толук убакыт жумуш орундарын түзүп, продукциясын сатууну көбөйтөт деп күтүлүүдө

“Биздин түпкү максатыбыз ар дайым кыргыз эли көбүрөөк киреше алып, жашоосун жакшыртуу үчүн жумуш орундарын түзүү болуп келген. Ошондуктан мен бул жаңы өндүрүш жергиликтүү аялдар жана жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзөөрүнө сыймыктанам”, – дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кая Адамс.

«Текстиль Транс» ЖЧКсы – Кыргыз Республикасындагы пахтадан токулган эң ири толук цикл өндүрүүчүсү. Бүгүнкү күндө «Текстиль Транс» компаниялар тобуна жалпы аянты 25 миң чарчы метрди түзгөн беш фабрика жана 1,5 миңден ашык кызматкер кирет.

Жабдуулар USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында берилди. Долбоор текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, IT, финансы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен иштешип, алардын өндүрүшүн жана сатуусун кеңейтүүгө көмөктөшөт, бул өлкөдө жумуш орундарын түзүүгө алып келет. 2018-жылдан бери долбоор Кыргыз Республикасы боюнча 120дан ашык ишканаларга колдоо көрсөтүп, натыйжада 15 миңден ашык туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Астанбек
2 years артка

Жумушка кирсек болобу

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: