Menu

“Кыргыз темир жолу” ишканасы 456.000.000 сомго 100 вагон сатып келди

Бөлүшүү:

“КТЖ” УК” МИнин стратегиялык өнүгүү планынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашырууга ылайык ишкана өз күчү менен Россия Федерациясынын «Алтай вагон заводу» АК тарабынан чыгарылган, жалпы суммасы 456 миллион сомдон ашык, 100 даана жарым-жартылай вагондорду сатып алган. Бардык 100 вагон 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына кирген.

Дүйнөдөгү акыркы окуяларга карабастан, жаңы вагондор баштапкы баада сатылып алынды. Завод-өндүрүүчү 3 жылдык кепилдик берет. Вагондордун кызмат мөөнөтү 30 жыл, жакынкы 3 жылда жаңы келген жүк ташуучу вагондордун маал-маалы менен оңдоодон баш тартуу менен вагондук паркты кармоого кетүүчү чыгымдар кыскартылат.

Вагондордо ташылган жүктөрдүн көлөмү бир топ чоң, бул ага ар кандай материалдарды, ири жүктөрдү, иштетилбеген жыгачты жана башка материалдарды ташууга мүмкүндүк берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: