Кечээ, 1-июндун кечинде мурунку мончо ишкери, КСДПчы экс-депутат, экс-губернатор, профсоюздар федерациясынын экс-төрагасы Мирбек Асанакунов коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалды.
Мирбек Асанакунов мончо бизнесин гүлдөтүп жүргөн учурунда КСДП партиясына кабыл алынып, 2009-жылы КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып келген.
2010-жылы 7-апрелдеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Ысык-Көл облусунун губернатору болуп дайындалган.
2011-жылы Бишкек экономикалык аймагынын директору кызматына жиберилген.
2012-жылы кайрадан Ысык-Көл облусуна губернатор болуп дайындалып, 2013-жылы Жети-Өгүздөгү митингдерден кийин эл менен иштей албайт деген айып менен кызматтан алынган.
2014-жылдан тартып КР Профсоюздар федерациясынын төрагалык кызматын талашып, бирде жеңип, бирде жеңилип ызы-чуу менен элге таанылган.
2022-жылдын 1-июнунда УКМК тарабынан коррупциялык жол менен 5,7 млн сом уурдаган, документтери жасалма деген шек менен камакка алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ