Menu

5.000.000 жана 2.000.000 сом пара (“откат”) алышкан мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Келтебек айылындагы СПАнын ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоого бөлүнгөн 57 365 524 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүдө коррупциялык схема аныкталды.

Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылуучу Айыл чарба жана азык – түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программадан “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоору   боюнча чыгымдарды жабууга – № TFOA0645 грант түрүндө каражат алынган.

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү берилген ыйгарым укуктарга ылайык республиканын ички чарбалык ирригациялык системаларын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик заказчы болуп саналат.

Кызматтын, Мамкурулуштун, айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ортомчулар аркылуу материалдык байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле аларга бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында жогоруда аталган ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоо боюнча тендерде   жеңишти ыйгаруу үчүн “НТС” ЖЧКнын өкүлүнөн 5 736 500 сомдон 2 000 000 сом суммасында, т.а. тендердин суммасынан 10% өлчөмүндөгү өзгөчө ири сумманы “откат” катары алышкандыгы аныкталды.

Жооптуу кызмат адамдарынын мындай аракеттери ирригациялык системаларды сапатсыз куруу коркунучун жаратат, ошондой эле сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу жана иштин көлөмүн жогорулатуудан улам  мамлекетке финансылык зыян келтирет.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен  (Коррупция) кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: