КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Түштүк Кореяда иштеп келүү үчүн кыргызстандыктарга квотаны 2022-жыл үчүн 1800 кишиге көбөйтүүгө жетише алды. Бул тууралу министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, 2018-жылы жана 2019-жылы мындай квота 500 адамдан ашкан эмес, ал эми 2020-2021-жылдарда 750 кишиге гана квота берилген. Быйыл болсо ал квота эки эседен ашык көбөйтүлдү.
Эки өлкөнүн ортосунда бул багытта түзүлгөн Меморандумдун 15 жылында Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жарандары 600 млн АКШ долларын иштеп табышкан. Кыргыз жарандары Кореянын өнөр жай тармагында 4 жыл 10 айлык мөөнөттөгү жумушка орношо алышат. Алардын орточо айлыгы айына 1800 АКШ долларын түзөт. Андан сырткары алардын жатаканасы менен тамак-ашын Корея тарап уюштуруп, төлөп берет.
Акыркы 15 жылда Түштүк Кореяга 5000 кыргызстандык жумушка орношо алышты.
Быйыл эле жыл башынан бери 302 кыргызстандык Кореяда ишке орношуп, алар Бишкек-Инчхон чартердик авиакаттамы менен жеткирилди. Ал эми 12-июлда ушундай эле жол менен дагы 150 жаран жөнөтүлүп жатат.
“Эгер быйыл квота боюнча 1800 киши жөнөтө алсак, анда алар 200 млн АКШ долларын иштеп таба алышат”, – дейт министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев.
Мен да барып иштейт элем , жол жобосу кандай ?
Кантип качан кетсе болот.
Мен дагы барып иштегим келет кимге кайакка кайрылсак болот
Мен дагы барып иштегим келет кимге кайакка кайрылсак болот