Menu

Жалал-Абад облусунда Акыркы коңгуроого байланыштуу эс алууларды уюштурууга тыюу салынат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун аймагында бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция тарабынан профилактикалык иштер жүрүүдө.

Жалал-Абад шаарынын жана Тогуз-Торо районунун милиция кызматкерлери ата-энелер жана бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жолугушту. Анда түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында жаратылыш койнунда эс алууга, көлмөлөргө барууга, автоунаалардын коштоосунда шаар кыдырууга тыюу салынгандыгы эскертилди. Буга чейин орун алган терс көрүнүштөр камтылган видео тасма да көрсөтүлдү. Билим берүү мекемелериндеги иш-чаралар аяктаган соң ата-энелер өз балдарын тыкыр көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан мектеп окуучулары арасында футбол жана волейбол мелдеши өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле кылмыштуулукка жана жаратылыш кырсыктарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: