Май айында Германияга кесипкөй адистерди ишке орноштуруу боюнча EDUVISO программасы менен келишим түзүлдү. Бул тууралу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
“Бул программанын негизинде кыргыз жарандары “Медайымдык иш” кесиби боюнча окуудан өтүп, Германияга ишке орношо алышат. Буга 35 жашка чейинки орто билимдүү жарандар жана медайымдар менен фельдшерлер катыша алышат. Даярдыктан өткөн жарандар Германияга узак мөөнөткө жумушка орношот. Биз азыр 250 адисти Германияга жөнөтүүнү пландап жатабыз”, – дейт Н. Базарбаев.
Теги: Эмгек мигранттары
Германияга ишке орношуу боюнча
Жибердим
Эсеп чыгардым
Канча эсеп калды