Menu

“Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп кеткен окуучунун окуясы боюнча мектептин 7 кызматкери жумуштан алынды

Бөлүшүү:

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясынан кийин шаардагы №95 мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды.

Мындай чечимди Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия чыгарганы жана мектеп кызматкерлери Эмгек кодексине ылайык жумуштан бошотулганы кабарланды.

Комиссия окуучулардын укуктары менен коопсуздугун коргоо боюнча иштерди так аткарбаганы үчүн мектептин директорун тартиптик жазага тартуудан баштап кызматтан алууга чейинки чара көрүүнү сунуштады.

Мэрияда түзүлгөн комиссия №95 мектептин башталгыч классынын мугалимдери 13 класстын окуучуларына аквапаркка эс алуу уюштурганын аныктады. Бирок бул тууралуу мектептин администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына маалымат берилген эмес. “Ала-Тоо” аквапаркына 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барган.

6-июнда Бишкекте “Ала-Тоо” аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: