Menu

ЕАЭК Нур-Султанды кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасына барып, өткөрмө бекеттердин иши менен таанышып келишти. Бул тууралуу 9-июнда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө “Кордай” жана “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери иштеп, бардык жүк ташуу унааларына карата салык чараларын көрүп жатканы аныкталган. Бул Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) тууралуу келишимдин бардык нормалары менен негизги принциптерине каршы келет.

Экономика министрлиги чек арадан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны боюнча Казакстандын Чек ара кызматы менен Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматтарында айырмачылыктар бар экенин аныкталганын билдирди.

“Делегация казак тарап берген маалыматтар туура эмес жана күмөндүү экенин, анын үстүнө алар кыргызстандык экспортерлордун беделин түшүрүү максатында фальсификация катары каралып жатканын белгиледи. Бул фактыларды эки тараптын жүк ташуучу айдоочулары да айтышкан”, – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Сапардын жыйынтыгында делегация казак тарапты ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормалары менен жоболорун сактоого, ошондой эле чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырышкан.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну “соода согушу” деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде өкмөттүк топтордун сүйлөшүүсүнөн кийин Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

Бирок майдын башында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети айрым кыргыз ишкерлери жетишилген макулдашуулардан пайдаланып, Казакстанга аткез жүктөрдү алып кирүү боюнча “өз схемаларын” ишке ашырып жатканын билдирген.

Майдын аягында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашкан. Бирок андан бери өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйгөнү кабарланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: