Menu

Аквапарктагы баланын өлүмүнө байланыштуу куткаруучу камалды

Бөлүшүү:

“Ала-Тоо” аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу” беренелери менен козголуп, аквапарктын куткаруучусу убактылуу кармоочу жайга камалды.

6-июнда Бишкекте “Ала-Тоо” аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.

Окуяны иликтөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгында комиссия түзүлүп, мектептеги бир канча мугалим иштен алынган. Комиссия ал күнү аквапаркка 13 класстан 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганын аныктаган.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы да Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: