Menu

ИИМ: “Бишкек-Торугарт” автожолундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү милициянын кызматкери камакка алынды

Бөлүшүү:

11-июнь күнү саат 20:30 да Ысык-Ата РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылынын тушунда “Бишкек-Торугарт” автожолунун 12,3 чакырымында “Даймлер Крайслер”  үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын айдоочусу батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, ошол эле батыштан чыгыш тарапты көздөп бара жаткан жаран И.К. башкаруусундагы “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагышкан деген маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБнүн электрондук маалымат журналына катталган. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, жол кырсыгына кабылган автоунаалар токтотуучу жайга киргизилген.
“Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы туулган Ш.Т., 2013-жылы туулган С.Б., 2016-жылы туулган А.Б., 2021-жылы туулган Х.Б. жана 2022-жылы туулган Ф,Б, болгон.
Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер”  үлгүсүндөгү  автоунаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. болуп чыккан.  Аталган автоунаанын ичинде жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.к.А. менен Т.к.К. аттуу кыздар болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Материалдын алкагында тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: