Menu

Орусиядагы кыргыз мигранттарына элчилик Телеграм каналындагы чат бот аркылуу кеңеш бере баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга консулдук маселелери боюнча маалымат берген чат ботун ишке киргизгенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Телеграмдагы канал аркылуу мигранттар кыргыз жана орус тилдеринде паспорт, айдоочулук күбөлүк, Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуу тартиби жана мигранттар үчүн зарыл болгон баардык малыматтарды ала алат.

Кыргызстандан Орусияда бир миллиондон ашык мигрант бар экени расмий айтылган. Мигранттар буга чейин укуктук жана башка кенеш алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык кеңселерине кайрылуу түйшүгү да айтылып жүрөт.

Ушул тапта ар кандай берене менен Орусиянын абактарында бир миңден ашык кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жазасын мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: