Menu

Жазаларды аткаруу кызматынын № 47 мекемеси жоюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 47 мекемесин жоюлду.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды. № 47 мекемени жоюу чечими коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган (жазаны өтөп жаткан бардык адамдар буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башка мекемелерине которулган).

Белгилей кетсек, № 47 мекеме Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, калк жыш жайгашкан аймакта жайгашкандыктан, жанаша жайгашкан турак жайлардын жарандарына ыңгайсыздык жаратып, жаза өтөө жайларын куруудагы заманбап талаптарга жооп бербейт.

Ошондой эле № 47 мекемени жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: