Menu

Ош шаардык прокуратурасы жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдаланган милиция кызматкерлерине каршы 9 кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:
Ош шаардык прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча көптөгөн фактылар аныкталды.
Алсак, Ош шаардык ИИБнын кызмат адамдары жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен алардын атынан «Кылмыштырдын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизишип, кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан жана алар боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон. Бул аракет аркылуу алар кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан.
Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (сурак протоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулган.
Мындан сырткары, милиция кызматкерлери уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын мойнуна “илип”, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча ал иштерди токтотушкан. Ошону менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча Ош шаардык ИИБнын кызмат адамдарына карата 9 кылмыш иши козголду.
Учурда Ош шаардык прокуратура тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: