Menu

УКМК: Кадамжайдын Үч-Коргон айылында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке турак жай курууга мыйзамсыз берүү боюнча тергөө иштери башталды

Бөлүшүү:

КР УКМК Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан жеке турак жай куруу үчүн “айыл чарба” багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча УКМК жана Баткен облусунун прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык тергөө тобу сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

Алынган маалыматтар боюнча, Кадамжай районунун Үч-Коргон а/а Боз жана Камбар-Абад айылдарынын тургундарынын жер тилкелери текшерилүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу дагы кошумча маалыматтар берилет.

КР УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө жол берилбестигин эскертет, бул үчүн КР колдонуудагы мыйзамдарында жоопкерчилик каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 73 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: