Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси өзү билип курулган участокторго укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бул иш 2009-жылдын 19-июнунда кабыл алынган “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” N388-жобосунун, 48-50-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
Маалымат боюнча Ош шаарында 174 га жер трансформацияланган. 815 техникалык паспорт берилген. Бул багыттагы иштер дагы да улантылууда.
Теги: Жер трансформациялоо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ