Menu

«Эл үмүтү» Президенттик стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы кеңешмеси өттү

Бөлүшүү:

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө эл аралык стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоонун координациялык жана процедуралык эрежелери, документтерди кабыл алуу жана кароо тартиби талкууланды.

Комиссиянын кеңешмесинде каралган бардык маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштардын чет өлкөдөн билим алууга мотивациясын колдоо жана жогорулатуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: