Menu

УКМК: Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин кызматкери кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо үчүн системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүндө түзүлгөн коррупциялык схеманы аныктады.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 23-июнь күнү УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси С.Ж.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкердин мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары жана муниципалдык кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо маселелери менен системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүмүнө (Пара алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталды. Айыпталуучу УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: