Menu

КР Президентинин Администрациясынын имаратын “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы курат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жойулушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырарын билдиребиз.

Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.

Жойулган Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны жойуу жөнүндө” Мамлекет башчысынын Жарлыгына кол коюлган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: