Menu

Генпрокуратура: Таластагы Улуттук “Манас Ордо” комплексинин кызматкерлери 20 миллион сом акчаны кымтып алышканы аныкталды

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Улуттук “Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.
Аудиттик текшерүүдө, 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажысы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча каражаты ашыкча төлөнүп берилгендиги аныкталган.
Мындан тышкары, тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөөдө, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин муктаждыктары үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдаланышкан.
Натыйжада, «Манас Ордо» комплексинин жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 20 млн 659 миң 300 сом акча каражаты негизсиз чыгымдалган факты боюнча Талас областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: