«Биздин бүгүн соттон акталганыбыз боюнча бийликчил депутаттар жана жогорку рангадагы чиновниктер куттуктап жатышат”, – деп билдирди 28-июндун кечинде КСДПнын лидери, “ыйлаак бала” Темирлан Султанбеков өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу.
“Атамбаевдин ден соолугу боюнча акыркы медициналык корутундуларды жана анын Сооронбай Жээнбеков учурунда жасалма козголгон акыркы кылмыш иштеринен акталып чыккандарын эске алып, эми биз Атамбаевди түрмөдөн бошотуп, үйүнө – жубайына, балдарына жана неберелерине жөнөтүүнү суранабыз”, – деди Т. Султанбеков.
“Мага Садыр Жапаров “сени камакка алуу чечимин Сооронбай Жээнбеков кабыл алган жана сени түрмөдө калтыруу үчүн колунан келгенинин баарын жасады” деп айтты. Мен Садыр Жапаров чындыкты айтты деп ишенем. Эгер Сооронбай Жээнбеков президент болуп калганда бул кылмыш иштеринин аягы башкача бүтмөк. Ошондуктан мен Президентти башка маселелер боюнча да мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын улантпоону суранам.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ