Menu

Тажикстанда камактагы журналист Далери Имомалинин жубайы менен жолугушуусуна уруксат берилди

Бөлүшүү:

Тажикстанда камактагы белгилүү блогер жана журналист Далер Имомалинин жубайы менен жолугушууусуна уруксат берилди.

Имомалини 15-июнда Душанбедеги Шохмансур районунун прокуратура кызматкерлери кармап кетишкен. Ал мыйзамсыз ишкердикке, кылмыш жөнүндө жалган көрсөтмө берүүгө жана Тажикстанда тыюу салынган уюмдарды колдоого айыпталууда.

Имомалинин жакындарынын айтымында, аялы аны менен 25-июнда Душанбедеги тергөө абагында жолугуп чыкты. 10-15 мүнөткө созулган жолугушуудан кийин жубайы Имомалинин абалы жакшы экенин айткан.

Ал ортодо тергөөчүлөр Имомали менен бирге кармалган дагы бир блогер Абдулло Гурбатиге жакындары менен жолугууга уруксат бере элек. Ал милиция кызматкерине күч колдонгон деп айыпталган. Блогер бул айыптоолорду толугу менен четке кагууда.

Эки блогер кармалгандан бери эки жума өткөнүнө карабастар, тажик бийлиги бул боюнча эч кандай расмий билдирүү жасай элек. Далери Имомалинин ишине жашыруун деген гриф басылган. Анын адвокаты иштин чоо-жайы тууралуу айтууга укугу жок экенин билдирүүдө.

Буга чейин бир нече укук коргоо уюму тажик бийлигин биргелешип репортаж даярдап жүргөн Далери Имомали менен Абдулло Гурбатиден бардык айыптарды алып, аларды эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: