Menu

Венада Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү болуп өттү

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 22-июнунда Төмөнкү Австрия Федералдык жеринин Венадагы Өкүлчүлүгүнүн резиденциясында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчиликтери Австриянын Hilfswerk International (HWI) бейөкмөт уюму менен биргеликте уюштурган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары А.Мукашев жетектеп, курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, бал, жаңгак, мисте жана кара өрүк өндүрүү менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү кирди.

Көргөзмө HWI Аткаруучу директору Штефан Фрицтин куттуктоо сөзү менен ачылды, андан кийин Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын элчилери сөз сүйлөштү. Андан соң көргөзмөгө коюлган Борбордук Азия мамлекеттеринин продукцияларынын бет ачары болду. Иш-чаранын катышуучулары менен коноктору «чыгыш татымдарынан» гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчиликтери тарабынан даярдалган улуттук тамак-аштардан да даам татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чарага Австриянын мамлекеттик органдарынын, супермаркет түйүндөрүнүн, чекене соода түйүндөрүнүн, тамак-аш ишканаларынын, ошондой эле жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Борбордук Азия мамлекеттеринин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн Австрияда болуусунун бир жумалык программасында көп иш-чаралар каралган, анын ичинде Төмөнкү Австриянын жана Штириянын конкреттүү чарбаларына, фермаларына жана кооперативдерине баруу болуп, бул өз кезегинде алдыңкы тажрыйба жана мал чарбачылыгын, эт-сүт жана сыр, тамак-аш азыктарын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн айыл чарба кластерин уюштуруу, кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген бул иш-чаранын катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты. Тараптар өз ара кызматташууну улантууга макулдашышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: