Menu

ИИМ: 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт

Бөлүшүү:

Бүгүн бир катар маалымат агенттиктер  аялдарга жана кыздарга карата ырайымсыз зомбулук фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу  аялдардын укугун коргогон 27 уюмдун өкүлдөрү өлкө башчысына кайрылышканы тууралуу билдирүүнү таратышкан. Аялдардын укук коргоо уюмдары жогорку саясий деңгээлде зордук-зомбулукка, адам өлтүрүүгө жана кордоолорго каршы күрөштүн артыкчылыктуулугун жарыялоого, жазанын сөзсүз түрдө болушун жана алардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана кадыр-баркына кол салууга жол бербөө боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун камсыздоого чакырууда.
Жогорку Кенештин айрым депутаттары Ички иштер министрлигинин жетекчилиги мындай иштерден жыйынтык чыгарбай, кадимкидей эле ишин улантып жатканын жазып чыгышты. Ушуга байланыштуу,  Ички иштер министрлиги Кыргызстанда аялдар менен эркектердин бирдей укуктарын, укуктарды жана кызыкчылыктарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону кепилдеген мыйзам базасы бар экенин маалымдайт. Көрүлгөн чараларга карабастан, аялдарга карата зордук-зомбулук фактылары дагы эле бар жана
акыркы убакта мындай фактылар көп катталууда, анын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу, адам өлтүрүү. Ошондой эле, белгилеп кетүүчү жагдай, депутаттар дагы коом алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек.
Сиздер дагы  мыйзам чыгарасыздар. Ал боюнча дагы жакшылап ойлонуп көрүңүздөр.
Никеге туруу максатында катталган зордуктоо жана ала качуу  фактылары боюнча маалыматтарды сунуштайбыз.
2021-жылдын 12 айында республиканын ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү зордуктоо фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси, 2017-жылдагы редакциясы) 604 сотко чейинки өндүрүштү каттаган, анын ичинен 325 иш, башкача айтканда 53 пайызы кылмыштын курамынын же окуяларынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган. Алардын ичинен өндүрүштө турган 249 кылмыш ишинен 223 кылмыштын бети ачылып, 89,5%ды түзөт. Анын ичинен кылмыш ишинин 148 материалы сотко жөнөтүлүп, 75  реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.
Никеге туруу максатында адамды ала качуу фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (2017-жылдагы эски редакция) менен 254 кылмыш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын ичинен 214 кылмыш иши окуя же кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, башкача айтканда, катталган фактылардын жалпы санынан 84% кыскартылган.
23 факты боюнча жабырлануучу тараптан арыз жок болгондугу боюнча кыскартылса, 14 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 3 сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү максатында 2021-жылдын октябрь айында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөнүн маалымдайбыз. Бөлүмдүн негизги милдеттери үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү болуп саналат.
Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 12 айындагы ички талдоосуна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Бул аралыкта республиканын ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга карата 9038 убактылуу коргоо ордери, анын ичинен 8463 аялдарга, 264  жашы жете электерге берилген.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-декабрынан баштап жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кирген. Жаңы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин киргизилиши менен 70-беренеге “Үй-бүлөлүк зомбулук” ылайык укук бузуучуларга карата мажбурлоо жана таасир этүү чаралары күчөтүлгөн, анын ичинде 40 саатка коомдук жумуштарга тартуу жана 3 күндөн 7 күнгө чейин камакка алуу.
2022-жылдын 5 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 3988 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га аз. Бул мезгилде ички иштер органдары тарабынан жабырлануучуларга 3693 убактылуу коргоо ордери берилген (көбүнчө Бишкек шаары жана Чүй облусу).
Ведомстволор аралык аналитикалык отчетко ылайык, бул мезгилде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча 1392 протокол түзүлүп, алар боюнча сот тарабынан төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган: коомдук жумуштарга тартуу – 714, камакка алуу – 443, дагы 98 укук бузуулар боюнча протоколдор соттун кароосунда.
Бул мезгилде кылмыш ишин козгоо менен үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 187 факты катталып, анын ичинен 99  сотко жөнөтүлгөн.
Тилекке каршы, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт. Бул бүтүндөй коом үчүн ойлондуруучу маселе. Аялдарга карата зордук-зомбулуктун мындай фактылары байкалбай калбайт, ички иштер органдары тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Үй-бүлөдөгү тынчтык жана ынтымак – бул жашоодогу эң маанилүү баалуулуктардын бири экенин унутпашыбыз керек. Бирок, тилекке каршы жакындарына агрессия көрсөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукту көнүмүш, калыптанып калган көрүнүш катары кабылдап, аны адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу деп эсептебегендер бар.
Үй-бүлөгө көңүл буруунун, аялдардын жана балдардын укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн ойлобогон ар бир адамга кайрылууга аракет кылгыбыз келет. Коомубузда аялдарды урматтоо биздин колубузда. Мына ушундай жол менен биз маданияттуу мамлекет катары өнүгө алабыз. Биз аялдарыбызды зордуктап жана өлтүрүп, балдарга азап алып келген маңкурт болбошубуз керек. ИИМ зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык иш-чараларды көрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: