Menu

УКМК: Кримтөбөл Чынгыз Жумагуловду (“Дөө Чынгыз”) кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Чынгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: