Menu

Кыргызстандын делегациясы Сеулдагы кыргыз товарларын саткан соода үйүндө болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов башында турган делегация бүгүн, 14-июлда,  Сеул шаарында (Корея Республикасы) жайгашкан Кыргыз Республикасынын Соода үйүндө болду.

Кыргыз делегациясы Соода үйүндө коюлган жана Корея Республикасында сатылып жаткан ата мекендик продукциялар менен таанышты.

2022-жылдын 24-июнунда ачылышы болгон Соода үйү кореялык ишкерлерге жана жергиликтүү калкка ата мекендик өндүрүш товарларын изилдеп, сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Бул жерде Кыргызстандан келген кийизден жасалган буюмдар, табигый бал, варенье жана ар кандай органикалык продукциялар көргөзмөгө коюлган. Соода үйү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин демилгеси менен эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү максатында түзүлгөн. Кореялык ишкерлердин Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукцияларга кызыгуусу белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: