Menu

Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.

Иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун катышуусу пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясат ведомстволурунун жетекчилери 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн талкуулашат, ошондой эле саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтеринин долбоорлорун карашат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: