Menu

Гүлнара Каримованын адвокаттары Швейцариядагы сотто утту. Ага $303 млн кайтарылып берилиши мүмкүн

Бөлүшүү:

Швейцариянын Федералдык кылмыш сотунун апелляциялык палатасы коррупция айыбы боюнча Гүлнара Каримованын адвокаттарынын арызын жарым-жартылай канааттандырды.

“Биринчи баскычтагы сот Гүлнара Каримова Өзбекстандын ошол кездеги президентинин кызы катары өлкөнүн телекоммуникациялык тармагына чоң таасири бар мамлекеттик кызматкер макамына ээ болгонун белгилеген. Айыптоодо мамлекеттик кызматкердин ролун мындай кеңири интерпретациялоого жол берилбейт”, – деп жазылган апелляциялык палатанын чечиминде.

Каримованын адвокаттары Грегуар Манжа менен Фанни Маргайраздын Keystone-SDA агенттигине билдиргени боюнча, бул чечим Каримовага каршы ишти иликтөөдөгү бурулуш болуп эсептелет. Алардын айтымында, чечим Федералдык прокуратура өз айыптоолорун негиздеген жүйөлөрдөн күмөн жаратты.

Keystone-SDA белгилегендей, соттун бул чечими Каримовага камакка алынган активдеринин бир бөлүгүн кайтарып алууга мүмкүндүк берет. Кеп 293 миллион швейцария франкы ($303 млн) жөнүндө болууда.

Бул сумма Өзбекстандын өкмөтү өлкөгө кайтарууну көздөп жаткан чет өлкөлүк активдердин 25% көбүрөөгүн түзөт. 2020-жылы мартта Өзбекстандын башкы прокуратурасы менен Юстиция министрлиги “Гүлнара Каримованын кылмыштуу жол менен тапкан 1,3 миллиард доллардан ашык суммага бааланган активдерин” кайтаруу боюнча Швейцариянын, Франциянын, Орусиянын, Латвиянын жана башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы кабарланган.

Швейцариянын прокурорлору өзбек базарына кирүүнү каалаган мобилдик операторлордун (МТС, VimpelCom жана TeliaSonera) өкүлдөрү Гүлнара Каримовага пара берген болушу мүмкүн деген шек менен 2012-жылдан бери коррупциялык ишти иликтеп келген. Ага ылайык, Каримова коррупциялык схемаларга катышкан жана аталган мобилдик компаниялардан пара катары 856 миллион доллардан ашык каражат алган деп айыпталган.

2020-жылы сентябрда Швейцария менен Өзбекстан Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш иштеринин алкагында камакка алынган каражатты өзбек өкмөтүнө кайтаруу шарттары боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишкени кабарланган. 2012-жылы Швейцариянын Башкы прокуратурасы жалпысынан Каримованын 800 миллион швейцария франкына жакын каражатын камакка алган.

2015-жылы өзбек соту Гүлнара Каримованын эркиндигин беш жылга чектеген өкүм чыгарган. Бирок 2019-жылы ал абакка которулган. 2020-жылы мартта Каримова “Мамлекеттин каражатын уурдоо”, “Өзбекстандын кызыкчылыктарына туура келбеген келишимдерди түзүү” жана “Башка бирөөнүн ири суммага бааланган мүлкүн ээлеп алуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жыл 4 айга соттолгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: