Menu

Акылбек Жапаров: “Кокон хандыгында Шералы ханды хан кылган Нүзүп аталык, Алымбек датка жана Курманжан датка дал ушул Чоң-Алайга келип, иштеп турган”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрөгасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 30-июлда, Чоң-Алай районунун Доорот-Коргон айылында өткөн райондун кайра түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Акылбек Жапаров Президент Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан район тургундарын мааракелүү дата менен куттуктады.

“Чындыгында Чоң-Алай – карт тарыхтын сырларын катып жаткан жер. Кокон хандыгында Шералы ханды хан кылган Нүзүп аталык, Алымбек датка жана Курманжан датка  дал ушул жерге келип, иштеп турган. Чоң-Алайды  – даткалардын изи калган жер дейбиз.  Бул жердин элинин бекем ынтымагы – башкаларга  үлгү. 2017-жылы жер титирегени эсиңиздерде болсо керек. Ошондо 623 үй жабыркаган. Бирок келген жардамдарды башкалардай ызы-чуу кылбай, абдан так, калыс, уюшкандыкта бөлүштүрүп, бекем ынтымагыңарды көрсөткөнсүздөр”- деди Жапаров.

Өлкөдөгү акыркы өзгөрүүлөргө, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолгон министрлер кабинетинин башчысы башталган ири долбоорлор аягына чыгарын белгиледи.

“Аймакта наркы 455 млн сом болгон Шибээ-Жекенди каналына быйыл биз 100 млн  сомго жакын каражат бөлдүк. Буюрса, 500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт, 462 гектар талаалардын суу менен камсыз болушу жакшырат. Быйыл канал толук бүтүп, ишке берилет.

Президентибиз Садыр Нургожоевич ушул жерде мектепке капсула салып кеткен. Аны бүтүрөбүз.  30 жылдын ичинде 33 Өкмөт башчы, 5 Президент алмашты. Акыркы 15 жылдан бери саясий толкундар менен катаклизмден арылбай келдик. Президент Садыр Жапаровдун келиши менен баары өзгөрүүдө.

Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык. Былтыр 17-майда тышкы  башкаруу киргизилгенден бери 220 млн долл. таза киреше таптык. Алтындын бардык запастарына өзүбүз ээлик кылабыз! Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын  күткөн жеңишибиз“– деп кошумчалады.

Райондун борбордук стадионунда өткөн мааракелик салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын  төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Чогулгандарга театрлаштырылган оюн-зооктор  көрсөтүлдү.

Ош облусунун Чоң-Алай району 1992-жылы түзүлгөн, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет. Тоолуу аймакта 34636 адам жашайт, анын карамагына 3 айыл аймак кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: