Menu

АКШ, Франция жана Улуу Британия Орусияны “өзөктүк согуш риторикасынан” баш тартууга чакырды

Бөлүшүү:

Франциянын, АКШнын жана Улуу Британиянын тышкы саясат мекемелеринин башчылары Орусияны “кооптуу өзөктүк риториканы” пайдалануудан баш тартууга жана өзөктүк согушка жол бербөөгө чакырышты.

Мындай биргелешкен билдирүүнү алар 1-августта Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөрдүн X конференциясы башталган Нью-Йорктогу жолугушуудан кийин жасашты.

Конференциянын ачылышында сүйлөгөн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө “кансыз согуш күчөп турган кезден бери болуп көрбөгөндөй өзөктүк коркунучка” кептелгенин билдирди.

АКШнын президенти Жо Байден Орусия менен Кытайды өзөктүк куралды чектөөнү колдой тургандыктарын көрсөтүүгө чакырды.

Андан соң Орусиянын презденти Владимир Путин конференциянын катышуучуларына кайрылып, Москва келишимдин шарттары менен мазмунун сактап жатканын жана өзөктүк согушта жеңүүчүлөр болбой турганын айтты.

Украинада согуш башталгандан кийин Путин өзөктүк күчтөрдү жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү буйругун берген. Андан бери Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен мамлекеттик ЖМКларынын журналисттери Украинага каршы согушта Москванын өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын бир канча жолу ишара кылышкан.

Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөрдүн конференциясы беш жылда бир өтүп турат. Онунчу жолугушуу 2020-жылы май айында Нью-Йоркто өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам кийикиге жылдырылган.

Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишим 1968-жылы түзүлгөн. Ал Улуу Британиянын, Кытайдын, Орусиянын, АКШнын жана Франциянын өзөктүк арсеналдарын мыйзамдаштырган. Документке кол койгон башка өлкөлөр өзөктүк курал жасоо же сатып алуу укугунан ажырайт. Бүгүнкү күндө мындай өлкөлөрдүн саны 190ду түзөт. Келишимге Израль, Индия жана Пакистан кол койгон эмес. 2003-жылы январда бул келишимден Түндүк Корея чыгып кеткен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: