Бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай, түштүк жээгинен түндүк жээгине 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз болууда. Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.
Кошумча маалымат берилет.
Теги: Ысык-Көлдү сүзүп өттү
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ