Menu

Кытайда, Түркияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздарга кыргыз университеттеринен окуу үчүн 75 орун бөлүндү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына дорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн. Бул тууралу КР Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен Кытай Эл Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 5 квота бөлүндү.

Жогорку окуу жайлар бөлгөн адистиктердин тизмеси жана саны:

ЖОЖ Адистик Бош орундардын саны
К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус. англис тилдери) 1
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Филология (Кыргыз тили, орус тили) 1
Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, англис тилдери) 1
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

 

Филологиялык билим берүү (Манас таануу профили) 1
Көркөм билим берүү (музыкалык билим берүү) 1
Жалпы 5

Түркия Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 10 квота бөлүндү.

Жогорку окуу жайлар бөлгөн адистиктердин тизмеси жана саны:

ЖОЖ Адистик Бош орундардын саны
К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Филология (Англис тили) 2
Филология (Кыргыз тили жана адабияты) 3
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Филология (Кыргыз тили, орус тили) 2
Тарых 1
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

 

Филология (Манас таануу) 2
Жалпы 10

Казакстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 5 квота бөлүндү.

Жогорку окуу жайлар бөлгөн адистиктердин тизмеси жана саны:

ЖОЖ Адистик Бош орундардын саны
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Электроника жана наноэлектроника 1
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Дарылоо иши 2
Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети

 

Колдонмо математика жана информатика 2
Жалпы 5

Өзбекстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 30 квоталык орун бөлүндү.

Жогорку окуу жайлар бөлгөн адистиктердин тизмеси жана саны:

ЖОЖ Адистик Бош орундардын саны
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Филологиялык билим берүү (Кыргыз, англис тилдери) 2
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, чет тилдери) 2
Табигый илимдер боюнча билим берүү (химия, биология, география)

 

2
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Дарылоо иши 1
Педиатрия 1
Ош мамлекеттик университети Педагогика 2
Табигый илимдер боюнча билим берүү (химия, биология, география) 2
Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, англис тилдери) 2
М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети Курулуш 2
Электроэнергетика жана электротехника

 

2
А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

 

Табигый илимдер боюнча билим берүү 2
Б.Садыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети Информатика жана эсептөөчү техника 2
Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, англис тилдери) 2
Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) 2
Жалпы 30

Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 25 квоталык орун бөлүндү.

Жогорку окуу жайлар бөлгөн адистиктердин тизмеси жана саны:

ЖОЖ Адистик Бош орундардын саны
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

 

Табигый илимдер боюнча билим берүү 1
Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, чет тилдери) 1
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Филологиялык билим берүү (Кыргыз, англис тилдери) 1
К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети Ветеринария 1
Агроинженерия 1
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Дарылоо иши 1
Педиатрия 1
Ош мамлекеттик университети Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, англис тилдери) 2
Табигый илимдер боюнча билим берүү 1
Дарылоо иши (адис) 1
Медициналык-профилактивдик иш (адис) 1
М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети Курулуш 1
А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

 

Табигый илимдер боюнча билим берүү 1
Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, англис тилдери) 1
Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Курулуш 2
Транспорттук процесстердин технологиясы 2
Баткен мамлекеттик университети Педагогика 2
Филологиялык билим берүү (Кыргыз, орус, англис тилдери) 4
Жалпы 25

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.

Ошондой эле 2022-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Керектүү документтер:

  1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорт жок болгон учурда), орус же кыргыз тилине котормосу менен.
  2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.
  3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.
  4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).
  5. Медициналык күбөлүк 086-у.
  6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Эскертүү: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!

Техникалык текшерүү

Кабыл алуу аяктагандан кийин (2022-жылдын 19-августу саат 23:59) бардык келип түшкөн арыздардын талаптарга ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет.

Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.

Конкурстук тандоо

Сынактык тандоону өткөрүү үчүн курамына университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген Тандоо комиссиясы түзүлөт.

Бакалавр программаларына конкурстук тандоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

– компьютердик тестирлөө.

Болжолдуу түрдө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 2022-жылдын 25-августунан 26-августуна чейин өткөрүлөт.

Онлайн системасында (student.edu.gov.kg) ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

Эгерде талапкер жүйөлүү себептер менен жеке тандоо стадиясында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, Тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн режиминде өтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.

Конкурстук программага катышуу тууралуу маалыматтар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: